Коалициялык көпчүлүк Премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында өлкөнүн Премьер-министрлик кызмат ордуна  Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралды.

Буга чейин көпчүлүк коалициянын башчысы Иса Өмүркулов белгилегендей, Улукбек Мариповдун талапкерлигин “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясы сунуштаган.

Талкуу маалында депутаттар тарабынан Улукбек Мариповго бир нече суроолор берилди.

Депутат Бейшеналы Нурдинов Айыл чарба министрлиги артыкчылыктуу багыт экендигин айтып, ага дайындалуучу жетекчилердин тажрыйбасына көңүл бурууга чакырды.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев:

“Азыркы кырдаалдан чыгуу, таңсыктыкты азайтуу багытында кандай чараларды кабыл аласыз? – деген суроо койду.

Өз кезегинде Улукбек Марипов:

“Биздин негизги багыт кирешени көбөйтүү. Бул үчүн салык, бажы тармагында көзөмөлдү күчөтөбүз. Тармактарга бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуулугун кайрадан карап чыгабыз. Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө басым жасайбыз”, – деди.

Ошондой эле депутат Бактыбек Райымбеков суу чарба тармагын өнүктүрүү зарылчылыгына токтолсо, депутат Закир Шарапов тоо кен жана чалгындоо тармагы боюнча өзүнчө министрлик түзүүнү сунуштады. Андан сырткары депутат Марлен Маматалиев Мамлекеттик мүлк фондунун ишмердүүлүгүн кайрадан карап чыгуу зарылчылыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында көпчүлүк коалиция тарабынан Улукбек Мариповдун талапкерлиги жактырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.