КМШ өлкөлөрүнүн оюндарында кыргызстандык күрөшчү Нурманбет Раймалы уулу жеңишке жетти

Татарстанда Казань шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн оюндарында бел боо күрөшү боюнча Нурманбет Раймалы уулу 100 килограмм салмакка чейинки категорияда женишке жетип, алтын медалга ээ болду.

Ал буга чейин ушул эле оюндарда грек-рим күрөшү боюнча мелдешке чыгып, коло медаль алган.

КМШга кирген өлкөлөрдүн I оюндарында медалдар боюнча Кыргызстан 5-орунда келе жатат. Учурда Кыргызстандын спортчуларында 2 алтын, 9 күмүш жана 14 коло (жалпы 25) медаль бар.

Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнүн оюндарына жалпы 163 спортчу катышат. Алар спорттун 13 түрү боюнча күчүн сынайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.