ӨКМ жардыргыч заттарды колдонууда сак болууну эскертет

Бүгүн, 25-декабрь күнү Ош шаарындагы  “Бостон” жана “Турсунап” базарларындагы сатуучулар арасында пиротехникалык заттарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоо, өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара жаңы жыл алдында жардыргыч заттарды колдонуудагы эреже бузуулардан келип чыгуучу кырсыктардын алдын алууга багытталган.

Адистер тарабынан базардагы сатуучуларга фейерверктерди колдонуудагы коопсуздук эрежелер жазылган китепчелер таратылды.

Эске салак, өткөн жылдын 31-декабрынан 2018-жылдын 1-январына караган күнү 20 өрт кырсыгы катталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.