Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы жаңы өкүлү дайындалды

Нурболот Мирзахмедов Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мурдагы облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев берген арызына ылайык кызматынан бошотулган.

Нурболот Мирзахмедов 1978-жылы Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында туулган. 2018-жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген