Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү расмий түрдө кызматка киришти

Бүгүн, 17-августта Ош шаарында Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсуповду калкка расмий түрдө тааныштыруу  иш-чарасы болуп өттү. 

Облусттун жаңы жетекчисин өлкөнүн Вице-премьер министри Акрам Мадумаров тааныштырып, Өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун буйругун окуду.

Иш-чарага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов баш болгон бир катар жетекчилер жана медиа өкүлдөрү катышышты.

Жаңы жетекчи өз сөзүндө Президентке жана Өкмөт башчыга ыраазычылык билдирип:

“Мага берилген ишенимди актоого, алдыга коюлган пландарды толук аткарууга аракет кылам деп ишендирип кетем. Баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем!”,-деди.

63 жаштагы Байыш Юсупов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп иштеп келген.

Облустун мурдагы жетекчиси Узарбек Жылкыбаев 8-августта өз арызы менен кызматтан кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.