Өкмөттүн өкүлү: Дүйнөдөгү каатчылыктан пайдаланып атамекендик продукциялардын дараметин көтөрүп алабыз

Бүгүн, 12-мартта Ош шаарында коронавирустун кесепеттеринин алдын алуу боюнча “эркин микрофон” форматында ачык талкуу болуп өттү.

Талкууга Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, мамлекеттик кызматкерлер жана жеке ишкерлер катышты.

Анда катышкандардын баары ар түрдүү сунуштарды берип, кризистик учурдан пайдаланып, өлкөнүн экономикалык дараметин көтөрүп алуу жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө тууралуу пикирлер айтылды.

Узарбек Жылкыбаев талкуунун катышуучуларын мамлекеттин ички ресурстарын колдоп, өзүбүздөн өндүрүлгөн продукцияларды өнүктүрүүгө  салым кошууга чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген