Өкмөттүн ишин Бороновго тапшырган Премьер-министр эс алууга кетти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөгөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн сайтынан маалым болду.

КРнын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрлердинкатышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Анда Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт дайыма ачык-айкын иштөөгө умтулаарын белгиледи.

«Бирок Жогорку Кеңеште Өкмөттүн жана Премьер-министрдин дарегине радиожыштык ресурстарын узартуу жана аны кайра каттоого тийиштүү кылмыш ишине байланыштуу сын-пикир жана күнөөлүү эместигимди далилдөө чакырыгы айтылды. Мен мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактоону жана жыштыктарды ачык аукциондо сатууну, ошондой эле мыйзам талаптарына жооп бербеген ээлердин лицензияларын алууну колдоп келгендигимди баса белгилеп кетким келет. Бул туурасында мен Жогорку Кеңештин жыйынында да айткам. Дагы бир жолу билдирем, териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өргүү учурунда Өкмөттүн ишин координациялоону жана мамлекеттик органдардын туруктуу иштөөсүн камсыздоону тапшырды

Эске салсак, ЖКнын жыйынында депутат Жанар Акаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар болушу мүмкүн экендигин билдирген. Ага жооп кылып, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага карата айтылган сөздөрдүн бары имиш сөздөр экендигин билдирген.

«Абийир жөнүндө ким сүйлөш керек?» Жанар Акаев Премьер-министрге жооп берди. Видео

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.