Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү атайын эсепке 1 күндүк маянасын которду

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери,  коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча республикалык эсепке бир күндүк эмгек акысын которду.   

Бул тууралуу “Ынтымакка” КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-апрелге карата Баткен облусунда коронавирус оорусун жуктурган дагы бир учур катталды. Ал Баткен шаарынын тургуну, медицина кызматкери.

Жалпы облуста коронавирус илдетин жуктурган 5 учур катталып, бир жаран айыгып чыккан. Экөө Кызыл-Кыя шаарында дарыланып жатса, калган экөө Баткен шаарында.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген