Өкмөт ата-энелерди балдарынын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды

Ачык турган көлмөлөр – бул балдардын  өмүрүнө коопсуздук туудурат. Муну ар бир ата-эне эске тутуусу зарыл. Бул туурасында КРнын  вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн сууда коопсуздук эрежелерин сактоо маселеси боюнча жумушчу кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Ошондой эле, Өмүрбекова эл арасында алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтып,  жергиликтүү бийликти да буга тартуу зарылдыгын белгиледи.

«Жайкы каникулдардын башталышы менен жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп кетүү учурлары көп катталууда. Көбүнэсе балдардын жана өспүрүмдөрдүн кырсыкка кабылуусунун себеби катары тийиштүү эмес жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу эскертүүлөрдүн жоктугу, сууда жүрүүнүн элементардык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы жана ата-энелердин балдарга көңүл бурбагандыгы болуп саналат», – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында  калк арасында суудагы коопсуздук эрежелерин сактоодо  маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген