Өкмөт массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизди

Кыргызстандын Өкмөтү коронавирус инфекциясы (COVID-19) боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалыматка ылайык, жеке жактарга жана соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан тыйылуу, жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды.

Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү, ушул токтомдун жоболорун сактоо боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген