Өкмөт маршрутка сүзүп кеткен инспекторго жардам көрсөтөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Марат Султаналиевге дарыланууга материалдык жардам көрсөтүүнү буйруду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары, Өкмөт башчы 1-октябрында Бишкек шаарында орун алган инспекторду унаа менен коюп кеткен кырсыкты тыкыр жана обьективдүү иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин кызматкери Марат Султаналиев жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдү алар тарапка келе жаткан унаадан сактап калуу  үчүн кызматтык милдеттерин аткарууда жабыркаган. Дарыгерлер анын сан сөөгү сынып кетиши мүмкүндүгүн айтышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген