Өкмөт башчы Садыр Жапаров: Өлкөбүз өнүгүшү үчүн туруктуу бололу

Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргыз Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат сайты жазды.

Премьер-министр Садыр Жапаров өлкө чоң саясий жана эконимакалык реформалардын алдында турганын белгиледи.

«Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл.
 Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш», – деди Жапаров. 

Жыйындын соңунда Өкмөт башчы аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берди. Алар:

– күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо;

– коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу;

–  бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;

– донордук уюмдар менен жолугушууларды өткөрүү;

– социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;

– салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;

– коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген