Өкмөт башчы чатырда окуп жаткан балдардан кабар алды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-сентябрда, Ноокат районуна караштуу Он-Эки-Бел айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы балдар убактылуу билим алып жаткан чатырларды кыдырып, мектептин жамааты жана окуучулар менен маектешти.

Мухаммедкалый Абылгазиев мектептин курулушун суук түшкөнгө чейин аяктоону тапшырды. Ошону менен бирге  бардык курулуш жана жасалгалоо иштеринин жогорку сапатын камсыздоону талап кылды.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы 2-13-сентябрда эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген