Өкмөт башчы: Банк тармагын санариптештирүү үчүн реформалар зарыл

Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында банк тармагын санариптештирүү үчүн реформаларды жүргүзүү зарыл экенин билдирди.

Өкмөттүн сайтында маалымдалгандай, Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын укуктары кеңейтилип, электрондук тейлөө тутумун ишке ашыруу процесси жакшыртылат. Бул кадам коронавирус кризисинин кесепетин жоюу максатында кабыл алынган.

Ага ылайык, өлкөдөгү банк тармагын санариптештирүүнүн алкагында электрондук эмгек китепчелери киргизилип, алардын эмгек жолу жөнүндө маалыматты алуу ыңгайлаштырылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.