Өкмөт башчы: Абал көзөмөлдө, июль айындагыдай болуп дүрбөлөңгө түшүүнүн зарылчылыгы жок

Премьер-министр Кубатбек Боронов жарандарды июль айындагыдай болуп дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экендигин айтып, коронавируска каршы дары-дармектер дарыканаларда жетиштүү болоорун билдирди.

Учурдагы абал курч экендигин айткан Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, паникага алдырбоого чакырды.

“Коронавируска байланыштуу өлкөдө жалпы статистика 46 841ге жетти. Жаңы учурлардын саны күндөн-күнгө көбүрөөк катталып жатат Бүгүнкү сан – жалпы 172, анын ичинен ковиддин көрсөткүчү көбүрөөк болуп жатат – 112, пневмония – 60. Бул сандарды коркутуу үчүн эмес, эпидемиологиялык кырдаал көңүлдөн тышкары калбаса экен деген ойдо берип жатабыз. Бул кырдаал бизди өтө кооптондурууда”,-деди Премьер-министр.

Ал өз убагында медициналык кызматтарга кайрылууга чакырды. Анын айтымында, кайсы гана мамлекет болбосун, оорунун күчөгөн мезгилинде дары-дармектер боюнча маселе жаралган:
– дары-дармектердин тартыштыгы;
баанын спекулятивдик көтөрүлүшү;
элдин ичинде дарылардын кереги бар же жоктугуна карабастан ашыкча сатып алуулары.

“Бул бизде гана болгон жок, башка өлкөлөрдө дагы байкалды. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, сиздерден суранарыбыз – июль айындагы дүрбөлөңгө алдырбаңыздар! Бүгүнкү күндө ар бир фарм компанияларга дары-дармектерди үзгүлтүксүз алып келип туруусу боюнча жана кийинки алынып келе турган мүмкүнчүлүктөрү боюнча убагында маалыматтар алынып жатат. Мамлекеттик материалдык резервдер фондуда 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдалып баштады”, – деп белгиледи ал.

http://yntymak.kg/pandemiya-uchurunda-balany-stressten-kantip-korgojbuz-ata-enelerge-10-ke-esh/

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген