Өкмөт 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттарды акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет

Өкмөт 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттарды акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2021-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин өкмөт Кыргыз жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) жоготуу учурунан тышкары, төмөнкү категориядагы жактарга акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда:

– толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган 16 жаштагы балдар;

– ата-энеси экөө тең каза болгон 18 жашка чейинки жетим балдар (тоголок жетим);

– толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган бардык топтогу майыптар;

– 70 жашка чыккан пенсионерлерге, анын ичинде толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана карылар үйүндө жашаган карыя жарандар;

– 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучулары.

Көрсөтүлгөн категориядагы жактар аталган жеңилдетилген тейлөөнү алуусу үчүн тийиштүү документтерди тапшыруусу зарыл.
https://www.super.kg/kabar/news/353763/

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.