ӨКМ: суучулдар атайы чөктүрөт деген маалымат жалган

Мессенджер аркылуу Ысык-Көлдөгү суучулдар кишилерди атайы чөктүрүүшүдө деген билдирүү тарап жатат. Анда Ысык-Көлдө 300 киши чөгүп кеткени айтылат. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. 

“WhatsАpp”мессенджери аркылуу «Ыссык-Көлдө суучулдар сууда жүргөн элдерди суунун астынан тартып кетип атайлап эле чөктүрүп өлтүрүп ташка байлап коюшат, издетип жалдаганда саатына өтө көп суммадагы акча алышат, муну Ыссык Көлдүктөр өздөрү айтып жүрүшөт.Кыргыздар ансыз деле азбыз эки айдын ичинде 300 адам чөгүп өлдү анын 72си жаш балдар» деген маалымат таркатылууда, бул чындыкка дал келбейт дейт министрлик.

ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматы суудагы  издөө иштерин бекер иш алып барышат. Өлкө  аймагында жай мезгилинде суу объектилеринде 59 адам чөксө, анын ичинен 18си жаш балдар. Ысык-Көл облусунда 9 адам чөккөн, анын ичинен 2 – жаш бала деп айтылат маалыматта.

ӨКМ тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган билдирүүнүн авторун табуу боюнча кайрылышкан.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген