ӨКМ кырсыктан жабыркагандарга жардам берген Данияр Дыйканбаевди сыйлады

Жол кырсыгынан жабыркаган адамдарга жардам бергендиги үчүн Данияр Дыйканбаев ӨКМдин “Ардак граммотасы” менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

2018-жылдын 26-июнь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында болгон жол кырсыгы учурунда адамдарды сактап калууга жардам бергендиги үчүн 32 жаштагы Данияр Дыйканбаев сыйланды. Ал Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Токтогул райондук бөлүмүнүн “Ардак грамотасын” алды.

Данияр Дыйканбаев Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында жайгашкан “Ак-Суу” кафесинде иштейт. Кырсык болгон түнү, 2018-жылдын 26-июль күнү саат 03:00 чамасында жол кырсыгы болгон жерге барып, жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүп, автоунаасы менен Токтогул райондук ооруканасына алып барган.

“Мен уктап жатканмын, апам үйгө кирип, жол кырсыгы болгондугун айтаар замат жардам берели деп инилерим менен дарыянын жээгине түштүк. Суунун ортосунда турган машинанын ичинде жардам сурап турган адамдарды көрүп, иним экөөбүз сууну кечип барып жабыркагандарды жээкке алып өттүк да, ооруканага алып жөнөдүк”,- деди Дыйканбаев.

Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Токтогул районундук бөлүмүнүн кызматкерлери “Ардак граммотаны” тапшыруу үчүн барган Данияр Дыйканбаевдин үйүнө барышкан. Бирок Дыйканбаев Бишкек шаарында болгондугуна байланыштуу апасы Уркуя Дыйканбаевага ыраазычылык билдиришип, сыйлыкты тапшырып келишти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген