ӨКМ: Кара-Сууда үй өрттөндү

Кечээ, 13-январда Оштун Кара-Суу районунун Мачак айылындагы Карабаев көчөсүндө үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак үйдүн бөлмөсүндө 30 жер төшөк жана эки килем күйгөн. Өрт тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.