ӨКМ: Бишкекте 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бишкек шаарында батирлердин биринен 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Бишкек шаарынын Сыдыков көчөсүндө жайгашкан батирлердин бириндеги бекилип калган эшикти ачышканда, ичинен 1997-жылы туулган К.К. аттуу кыздын сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.