ӨКМ: Баткендеги окуяда 120 турак үй талкаланып, өрттөлгөн

Акыркы маалыматтар боюнча, чек ара жаңжалынын натыйжасында Баткен районунда жалпысынан 120 турак үй жана 84 социалдык объект талкаланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«120 үй, 84 объект (мектеп, ФАП, бала бакча, Ички иштер министрлигинин имараты, төрт чек ара заставасы, медициналык пункт, стоматологиялык борбор, эки дарыкана, өрт өчүрүүчү жай, 27 май куюучу жай, 34 чекене соода борбору соода түйүндөрү, беш ашкана жана үч тойканалар) жок кылынды.ӨКМ 214 кызматкерин жана 16 бирдик атайын техникаларын жөнөттү », – деди ал жыйында.

Ошондой эле ал ведомстволор аралык комиссия өз ишин жеринде улантып жаткандыгын белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.