“Китайский” калпак кийип тажаган Сыймык Жапыкеев калкка кайрылуу жасады

“Кызматта олтурганыма 15 күн болду, ушул убакка чейин иш бөлмөмө “китайский калпак көтөрүп, резюмелерин алып келип аткандар көп, антип келе бербегилечи. Менин ишим ошончо көп, ар бирин карап олтурсам, мамлекттин чоң-чоң иштерин, кылмыштуулуктун бетин качан ачам” – дейт Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын(ЭККМК) төрагасы Сыймык Жапыкеев.

Жапыкеев видео кайрылуу жасап, аны “отчёт” деп атады. Анда төрага Талас облусунда фасолдун баасынын кымбаттап, 90-100 сомго чыккандыгын айтып, аны мамлекеттин жетишкендиги деп эсептеди.

“Таласка барганымда элге айткан болчум, фасолдун баасын кымбаттатып берем деп. Мындан улам, кызматкерлерге Таластагы фасолдун схемасына кирип, кимдер акча таап, кимдер элдин эсебинен пайда көрүп жатса, баарын казып, иликтеп чыккыла дегем.

Буга чейин Кумтөр боюнча иш козголду, тез жардам боюнча козголду, 3-4 каржы системасына иш козголду. Эми фасолдун схемасы аягына чейин иликтенет”,-деди Сыймык Жапыкеев.

Сыймык Жапыкеев ЭККМКнын төрагалыгы кызматка 17-октябрь күнү дайындалган.

Жапыкеевдин кайрылуусун толугу менен төмөндөгү шилтеме менен кирип көрсөңүздөр болот:
https://www.youtube.com/watch?v=SggdlqRnfU4&feature=youtu.be&fbclid=IwAR1WP4UL9FZLaxBlNybJ8b_S-t08qFcWuCAEB3XB47YKVRD-KRHjTMntR7s

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.