Кишинин мүнөзүн телефон коңгуроосуна карап аныктаңыз

Кимдир бирөөнүн мүнөзүн жакшыраак билгиңиз келеби? Андай болсо, анын телефон коңгуроосунда кандай музыка тураарына  маани бериңиз.  Эгер билсеңиз,  дал ошол рингтон адам тууралуу көп маалыматтарды  бере алат☺

Эгер коңгуроосунда төмөндөгүдөй музыка турса:

Шайыр  жүргөн адамдар коңгуроосуна  өздөрү сыяктуу шок, динамикалуу музыкаларды же тамашалуу ырларды коюп алышат.  Алар дайым жылмайып жүрүп, катуу сөздү көтөрө алышпайт. Андыктан мындай мүнөз ээлерине  дал ушундай коңгуроо жарашат десек болот. Ошондой эле мээримдүү, ишенчээк келип дайыма жардамга даяр турушат. Мындай кишилер чыр-чатактан оолак болуп, көпчүлүк менен бат тил таба алышат.

Кемчилиги – мындайлар жоопкерчиликсиз болушат. Андыктан мамиле курууда абайлаңыз.

Үнсүз режим. Ал бирөөгө катуу сүйлөөнү жактырбайт. Ар дайым сылык-сыпаа, сабырдуу мүнөздү карманат. Сүйүүдө өтө сезимтал. Алар кандай учур болбосун өзүнүн катачылыгын сезип,  кимдир бирөөнү жөнү жок эле   күнөөлөй беришпейт.

Кемчилиги– көпчүлүк менен тил табыша алышпайт. Алар эркиндикти сүйүп, жалгыз болууну самашат.

Ар адамга ар башка рингтон. Бул адам гаджеттер менен өтө жакын дос. Ал колдонгон телефон дагы акыркы үлгүдөгүдөн болоору бышык. Мындай адамдарга ишеним артсаңыз болот. Мындайлар өзүнө тың болушат. Эгер алар менен жакшы мамиле түзүүнү кааласаңыз, сизден бир гана сабырдуулук жана чыдамкайлык талап кылынат.

Кемчилиги – тамаша түшүнбөйт. Андыктан айтаар сөзүңүздү этияттаңыз.

Стандарттык музыка. Мындай адамдын ак көңүл экендигинен күмөн санабасаңыз да болот. Бул коңгуроо ээлери үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат.

Кемчилиги – кишини тажатып жиберишет. Анткени мындай кишилер майда-чүйдөгө көбүрөөк маани беришет.

Куштардын сайраганы же романтикалык жай музыка. Мындай коңгуроо коюп жүргөндөр өтө сезимтал, кең пейил адамдар болушат. Үй-бүлөөсү менен жакындарына камкор. Алар дайыма ишенимдүү дос болуп бере алат.

Кемчилиги – Бул мүнөз ээлери тарынчаак болгону менен өтө боорукер.

А сиздин телефонуңузда кандай музыка турат?

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz