Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарында ГЭС курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ГЭС куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Документке ылайык, инвестицияларды тартуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, КРнын суу кодексинин 85 -беренесине, конституциялык мыйзамдын 10 жана 17 -беренелерине ылайык өкмөт төмөнкүлөрдү буйруду:

  1. Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлиги, айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин алдындагы суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомун туруктуу 49 жылдык мөөнөткө чакан ГЭСтерди куруу үчүн суу фондунун жер тилкелери:

-аянты 0,50 га, Талас районундагы Киров суу сактагычынын дамбасынын ылдый жагында жайгашкан;

-аянты 7,20 га, Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычынын дамбасынын төмөн жагында жайгашкан жерлер пайдаланууга берилсин.

2. Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлиги, айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин алдындагы суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик, улуттук энергохолдинг компаниясы ачык акционердик коому ( макулдашылган) жана чакан ГЭС ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) бул буйруктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.

Бул буйруктун аткарылышын контролдоо президентинин администрациясынын агро-өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун -энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.