Кинолор, кол өнөрчүлөр көргөзмөсү. Оштуктар эс алуу күндөрү кайда барса болот?

22-23-декабрь күндөрү Ош шаарынын тургундары жана коноктору бир канча кинолорго, балдар үчүн уюштурулган майрамдарга жана кол өнөрчүлөдүн көргөзмөсүнө барса болот. Мындан сырткары, кечкисин шаардагы эң бийик аталган балатыны көрүп аянтта сейилдегенге шарттар түзүлгөн.

“Ынтымак” сиздерге  афиша даярдады. Таанышып эс алуу күндөрүн, кызыктуу жана пайдалуу өткөрүңүз.

Ишемби 22-декбарь

“Делбирим”, “Такебай” кинолору;

Качан: 22-декбарь саат 11:00 дөн башталат.

Каерде: “Семетей”, “Нур” кино театрларында.

Дареги: И. Раззаков 8, Ленин көчөсү 212.

Билет: 110-160 сом.

Балдар үчүн Жаңы жылга карата комедия мультфильм  “Гринч “, “Человек-Паук”, “Шоу-Балеты”.

Качан: 22-декбарь саат 11:00 дөн башталат.

Каерде: “Семетей” кино театрларында.

Дареги: И. Раззаков 8.

Билет: 300 сом.

7-декабрдан, 7-январга чейин

Сүрөт, графика, скульптура, көркөм өнөр кол өнөрчүлүк боюнча эмгектердин көргөзмөсү:

Качан: 7-декабрдан, 7-январга чейин.

Каерде: Ош облустук Т. Садыков атындагы көркөм өнөр музейинде.

Дареги: Кол өнөрчүлөр көчөсү 31.

Толук: www.facebook.com/pg/oshksm/events.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген