“Кийим алып кийген”. Кадамжайда телефон уурдап саткан жаран кармалды

Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 38 жаштагы К.Н. аттуу тургуну телефон уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, буга чейин милицияга Халмион айылынын 29 жаштагы тургуну кайрылып, Samsung үлгүсүндөгү, баасы 18 884 сомдук телефонун уурдатып жибергендигин айтып кайрылган.

Бул факты Кадамжай РИИБнинде Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү уурдалган телефонду Кадамжай шаарынын тургунуна 1000 сомго сатып, өзүнө кийим алып кийгени аныкталган.

Мындан сырткары, шектүү жаран буга чейин 3 200сомдук велосипед уурдаган. Учурда уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.