Кезектеги чатак: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан бир адам жараат алды

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Окуя бүгүн, 6-августта таңкы саат бештерде орун алган.

24.kg сайты жазгандай, атышуудан Кыргыз чек ара кызматынын застава башчысына ок тийген. Учурда жабырлануучу ооруканада экендиги айтылат.

Ок атышуу токтоп, учурда чек арада абал тынч.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.