“Кербен” аэропорту майдан тарта иштеп баштайт

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы реконструкцияланып жаткан Кербен аэропорту быйыл май айынан тартып ишке берилет. Бул тууралуу кечээ, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков аталган райондогу курулуш иштерин көрүп жаткан учурда маалым болду.

Аэропорт март айында толук жаңыланып бүтүп,  май айынанан тарта Кербен-Бишкек ички каттамы ишке аша баштайт. Ал ишке кириши менен Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун тургундары борбор калаага учак менен барууга шарт жаралат.

51 гектарды түзгөн Кербен аэропортун оңдоого “Манас” ААК 15 миллион сомдон ашуун каражат бөлгөн. Ал эми аны тендерден уткан компания 10 миллион 700 миң сомго реконструкциялоо ишин жүргүзүп жатат.

Эске салсак, Кербен аэропорту 1976-жылдан тарта Кербен-Бишкек жана Кербен-Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам менен иштеп турган.  Бирок 1999-жылы анын учуп-конуу тилкеси талапка жооп бербейт деген негизде токтоп калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген