Келерки жылдан баштап ӨКМ кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөт

Келерки жылдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 2022 -жылдын 1 -январынан тарта КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт.

“Бул маселени министр Бообек Ажикеев көтөрүп, мамлекеттик бюджетке киргизди”, – деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле министрлик 2017 -жылдан бери 103 миллион сом өлчөмүндө топтолгон карыздардан кутулганы, ошону менен башкармалыктын материалдык -техникалык базасы чыңдалганы белгиленди.

Кошумчалай кетсек, Азия өнүктүрүү банкы 8 миллион долларга оор жабдуулар түрүндөгү 81 оор техниканы сатып алган.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы форма менен камсыздалган. Бул максаттарга 18,5 миллион сом бөлүнгөн. Аскер кызматчыларынын форма кийими боюнча карыздары, аскер кызматчыларына турак жайларды ижарага (субаренда) берүү үчүн акчалай компенсация төлөөгө карыздары төлөнөт. Эл аралык уюмдарга карыздарды төлөө жана социалдык төлөмдөр маселеси да чечилүүдө », – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.