“Келечек” балдар борбору каникул учурунда ийримдерге катышууга чакырат

Чыгармачылык борбор июнь айынан баштап окуучуларды кабыл алууну баштады. Курстарда чет тилдерине жана спортко, комузга,  бийге үйрөтүлөт. Бул тууралуу “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун жетекчиси Туратбек Муратов билдирди.

Анын айтымында 7 жаштан 15 жашка чейинки окуучуларды кабыл алышат. Ийримдер акысыз жүргүзүлүп, жумасына 6 күн күнүнө эки сааттан өтөт. Бир гана окутуу менен гана чектелбестен оюн зооктор да уюштурулуп август айын чейин болот.

Ийримдерге Ош шаарына караган мектептердин 100дөн ашуун окуучулары катыша алат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген