#Келди-кетти. Кыргызстанда жогорку бийликте күн сайын кадрдык өзгөрүүлөр болот

Биз бир жыл ичинде бийликтин эң жогорку эшелонунда 225 кадрдык өзгөрүү болгонун эсептеп чыктык. Эгер дем алыш жана майрам күндөрдү эсепке албасак, дайындоолор дээрлик күн сайын болгон! Бирок чындап келгенде жумуштан алуу жана коюу “таңгак-таңгагы” менен орун алган. Эң эле түшүмдүүсү апрелдеги эки күн: 19-апрелде 9 чиновник жумуштан алынса, күн өтпөй башка тогузу дайындалат. Ооба, тагдыр чечүүчү апрелде Сапар Исаковдун өкмөтү отставкага кеткен.

Момбековчосунан айтканда, “жаштардын өкмөтү кетип, чалдардын өкмөтүнүн” келиши, ЖЭБдеги коррупция, “Корвалолгейт”, Жол министрлигиндеги $520 миң долларлык пара. Чуулуу окуялар коштогон кадрдык өзгөрүүлөр 2018-жылдагы жалгыз өзгөчөлүк эмес.

Жыл ичиндеги төрт секирикте 150дөй кадрдык жүрүш жасалды

Жыл ичиндеги кадрдык жүрүштөрдү карасак, апрель, май, октябрь жана декабрь айларында секириктер байкалат. Баса, ЖЭБдеги авария жана коррупциялык иштер боюнча жооптуу адамдарды кызматтан алуу 2017-жылдын февралында башталган менен, бир нечесин жыл башынан бери бириндетип отставкага кетиришкен. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев апрелде иштен алынды. 

Апрель. Исаковдун отставкасы 2018-жылда гана эмес, өлкө тарыхында калчу окуя катары сыпатталат. Депутаттардын айтымында, Жогорку Кеңеш биринчи жолу өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Парламент муну министрлер кабинетинин 2017-жылдагы отчетун кабыл албай коюу менен негиздеди. Ошентип, 19-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен жети ай иштеген Сапар Исаковдун өкмөтү отставкага кетти.

Күн өтпөй аткаруу бийлигине Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган команда келди. Өкмөттөгү министрлердин басымдуусу калып, вице-премьерлер алмашты. Бирок Исаковдун толкуну менен кетпей, креслосун сактап калгандардын “бактысы” узакка созулган жок. Алардын бир катарын “Корвалолгейт” эпкини ала кетти – демек, октябрдагы кадрдык өзгөрүүлөргө токтолобуз.

Октябрь. Окуя негизи 22-сентябрдан башат алат. Социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Сеул-Алматы багында уча турган учакта жаңжал салып, самолеттон түшүрүлгөн. Аз өтпөй чиновниктин мас абалда болгонун, анын айынан авиакаттам 2 саатка кармалганын катардагы жаран эмес, ЖК депутаты Аида Исмаилова айтып чыкты. Ошол эле күнү кечинде премьер Каденованы кызматтан алды. Кийин министрдин орун басары мас болбогонун, корвалол деген дарыны ичкенин айткан жайы бар.

Бул окуядан кийин эле Социалдык  өнүгүү министрлигиндеги чиновниктердин чет өлкөлөргө болгон ыксыз иш сапарлары күн тартибине коюлуп, министр Таалайгүл Исакунова, анын орун басарлары кызматтан кетти.

Баса, “Корвалолгейтке” аралашкан Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги мыйзам бузууларды айтып чыгып, жыйынтыгында министр Эрлан Абдылдаев өз арызы менен иштен кетти.

Декабрь. Жыл аяктап калганда жогорку түзүмдөрдө 25 кадрдык алмашуулар болду. Негизинен дипломатиялык миссиялары бүткөн элчилерди дайындоо жүргөн. А талкуу жараткан окуя баягы эле министрлер кабинетинде орун алды. Жолдор жана транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев тендерди кызыкдар тараптын пайдасына чечүү үчүн 520 миң доллар пара сураган. Аны УКМК кармагандан кийин министр Жамшитбек Калиловдун үндөбөй ишин улантканы депутаттарды гана эмес, президентти да  жиндентти. Сооронбай Жээнбековдун катуу сынынан кийин гана чиновник арыз жазды.

 Социалдык өнүгүү министрлиги кадрдык дайындоолор боюнча алдыга чыкты 

Ар бир министрликте жыл ичинде жок дегенде бирден кадрдык өзгөрүү орун алган. Жыл ичиндеги эң көп дайындоолор жана кызматтан алуулар Социалдык өнүгүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринде болгон.

2018-жыл “өмүрү узун” чиновниктердин карьерасын өзгөрттү

Өтүп бараткан жыл өлкөнүн кадрдык тармагында дагы бир бурулуш жасады – 5-8 жылдап жылуу орундан жылбай иштеген бир катар чиновниктер иштен алынып же башка жактарга которулду.

Бир жылдагы кадрдык өзгөрүүлөрдү анализдеп, кыргыз чиновниктери бир кызматта орточо эки жыл отурарын аныктадык. Бул орток көрсөткүчтөн төрт эсе көп убакыт аралыгында УКМКдан жылбай иштеген рекордчу – Рустам Мамасадыков отставкага кетти. Бул рейтингде экинчи орунда турган Кубатбек Боронов болсо өзгөчө кырдаалдар министринен вице-премьер-министрликке көтөрүлдү.

Ал эми эң кыска мөөнөттү алсак, эки чиновник бир апта гана иштегенге үлгүргөн. Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Болот Суюмбаев “шефи” – Абдиль Сегизбаевдин артынан эле УКМКдан кетти. Бирок ал жумушсуздардын катарында көп жүрбөстөн Финполго төрага болуп барат. Бирок өкмөт алмашып, президентке чакырык катары жасалган кадрдык жүрүш көп узабай, Суюмбаев 10 күн гана иштеп, кызматтан алынды.

Кызматка коюу-алуудагы гендердик өзгөчөлүк

Быйылкы жылдын анализи, аялдар эркектерге караганда бир кызматта узагыраак отурарын көрсөттү: эркектер – орточо 2 жыл, аялдар – 3 жыл.
Кыргызстанда жоогорку кызматтарда эркектер басымдуулук кылары белгилүү, демек, кадрдык өзгөрүүлөрдө качан болбосун бул өзгөчөлүк сакталат. Бирок гендердик теңдик орун алган бир кызык жагдайды аныктадык. Быйылкы кызматка коюу жана алууларды жынысына карап бөлүп, ар бирин 100% деп алсак, анда эркектердин да, аялдардын 57%ы кызматка барган, калганы иштен алынган.
Аягында бир кызык менен бөлүшөлү 🙂 Быйыл Азамат аттуулар кардрдык өзгөрүүлөргө көп илиниптир.  Азамат Абдыкадыров Улуттук энергохолдингди жетектеп калды, Азамат Жаманкулов – маданият министри, Азамат Оморов – өкмөттүк аппаратта бөлүм башчы, Азамат Үсөнөв Кытайдагы элчилигин токтотту.

P.S. Материал даярдалып бүткөнчө дагы бир маанилүү окуя орун алды. Бишкек шаардык соту Раимбек Матаримовду бүгүн, 28-декабарда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басарлыгына кайтарды.

25-июлда Биринчи май райондук соту Матраимовдун кызматтан мыйзамсыз алынган деген доосун карап, аны канааттандырган болчу. Бирок өкмөт соттун чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылган.

Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков “ишенимден чыкты” деген жүйөө менен аны кызматтан алган.

Кийин Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов “негизсиз иштен алынганын” айтып, өкмөттү сотко берген. Ал соттон кайра мурунку кызматына турууну суранган болчу. Эми өкмөт кийинки инстанцияга кайрылабы-жокпу – жаңы жылда көрө жатарбыз.


Кыргызстанда кызматка коюу жана алуулар боюнча бирдиктүү база жок. Биз Кактус, Спутник, 24 kg cайттарынан маалыматтарды чогултуп, расмий булактар аркылуу текшердик. Биздин датасетти бул жактан таба аласыз. 

Бул материал ЮСАИДдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн. 

Материалды даярдагандар: Мырзайым Жаныбек кызы, Жазгуль Ибраимова, Анастасия Валеева

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген