Кечки Ошто велосипеддеги сейил. Шайтан арабанын ижара акысы канча?

Кыска убакытка велосипеддерди ижарага берүү Ош шаарында 6-7 жыл мурун башталган. Азыр шайтан арабаларды борбордук аянтта жана Токтогул сейил багынан тапса болот. Ижара акысы велосипеддин канча орунга ылайыкташканына жараша.

Бир адамдык велосипедди 20 мүнөткө 50 сомго беришет. Эки адамдык – 100 сом, үч адамдык – 150 сом, төрт-беш адамдык – 150-200 сом.

“Ынтымак” ишкерликтин ушул түрүнүн сырларын билүүгө аракет кылган менен  ижарачылар маалымат берүүгө макул болгон жок. Бирок кабарчыбыз Дастан Осмоновго велосипеддерди ижарага берип, акча таап алууга уруксат беришти. Дастандын аракетинен кандай майнап чыкканын видеодон көрүңүз.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген