Кечээ кечинде Ош облусунда жер титирөө катталды

21 -сентябрда саат 22: 54тө Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сейсмология институтунун маалыматына таянуу менен билдиришти.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Суу районунун Социализм айылында, Өзгөн районунун Курбу-Таш жана Куршаб айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Жабыркагандар жана олуттуу кыйроолор тууралуу маалымат жок, деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.