Казарман-Актал-Чат унаа жолуна көчкү түштү

Бүгүн, саат 13:30 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунуна болжол менен 5000 м3 кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчкү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда алдын ала алынган маалымат боюнча Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырым аралыгында түшкөн.

Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №18 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 20 кызматкер тартылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.