Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн оюндарында кыргызстандыктар биринчи сыйлыктарга ээ болушту. Аты-жөндөрү

4 -сентябрда Казан шаарында КМШ өлкөлөрүнүн алгачкы оюндары ачылды. Мелдешке тогуз өлкөдөн – Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандан 14 жаштан 23 жашка чейинки 1139 спортчу катышууда.

Бишкектеги Орус үйүнүн маалыматы боюнча, мелдештер оюндардын расмий башталышына чейин эле башталган, анда Кыргызстандын спортчулары байгелүү орундарга ээ болушкан.

Коло медалга ээ болгон мушкерлер:

  • Темирхан Данияров,
  • Бектур Турдубаев,
  • Кутман Амангелдиев.

Грек-рим стилиндеги балбандар:

  • Адилхан Нурланбеков,
  • Орункул уулу Бекзат,
  • Раймалы уулу Нурманбет.

Эркин күрөш боюнча күмүш медалын тагынгандар:

  • Алмаз Сманбеков,
  • Ихкромжон Хажимурадов

коло медалы:

  • Жумашбек уулу Тайырбек,
  • Токтогул уулу Айбек,
  • Нуртилек Карыпбаев.

Кыздар арасында эркин күрөш боюнча коло медалына ээ болгондор:

  • Мирлан кызы Назик,
  • Нуридин кызы Бермет,

күмүш медалы:

  • Марсбек кызы Назира,
  • Нураида Анаркулова,

алтын медалы:

  • Калмира Билимбекова.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.