Казакстанга караганда Кыргызстанда төрөттөн каза тапкандар көп. Буга ундун кандай тиешеси бар?

Кыргызстанда кыз-келиндердин төрөттөн ажал тапканы бир аз кыскарганы менен деңгээли жогору бойдон калууда. Алардын өлүмү негизинен кош бойлуу кезинде же төрөт учурундагы кошумча оорусу менен байланыштуу. Муну менен катар, төрөт учурунда көз жумган ар бир экинчи аял кансырап өлгөн. Кан жоготуунун кандай себептери бар?

Негизинен ага аялдардын организминдеги темирдин (анемия) жетишсиздиги себеп. Бирок, бул маселени чечүү мүмкүн. Муну Казакстандын бул жааттагы тажрыйбасы далилдеп турат. 1999-жылы Казакстан менен Кыргызстанда төрөттөн көз жумгандардын деңгээли дээрлик бирдей болсо, бүгүнкү күндө аталган көрсөткүч Казакстанда төмөндөп, ал эми Кыргызстанда тескерисинче өстү. Казакстан дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттер менен тең тайлашып төрөт учурунда энелердин өлүмүн кыскарткан Борбордук Азиядагы жалгыз мамлекет.

«2015-жылга карата көрсөткүч боюнча Кыргызстанда төрөттөн көз жумгандардын саны Казакстандагы көрсөткүчтөн 6 эсе жогору».

Мунун себеби медициналык кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу эмес: башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда адистер дээрлик жетиштүү. Анда маселе эмнеде?

Өлүмгө алып келген кан жоготуу

2017-жылдын август айынын аягында Бишкек шаардык перинаталдык борбордо 26 жаштагы аял эгиздерди жарыкка алып келген. Бирок, өзү 1,1 литр өлчөмүндө кан жоготуп, каза тапкан. Белгилүү болгондой, болочок эне Орусияда эмгектенип келген жана кош бойлуулугунун 27-28-аптасында Бишкектеги №18-эмканага каттоого турган. Төрөткө чейин ал дарыгерге бир гана жолу көрүнгөн.

Жаш келиндин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзгөн атайын комиссия өлүмгө түшүнүксүз генезден кан кеткени себеп болгонун аныктаган. “Келиндин ичин ачып көрүшпөгөнүн эске алганда, кан кеткенине эмне себеп болгонун түшүнүү кыйын болду”, – деп түшүндүрүшкөн Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Тилекке каршы, көпчүлүк учурда төрөттөн көз жумган кыз-келиндердин жакындары жабырлануучунун денесин сойгонго беришпейт. Ошентсе да, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй , төрөт учурунда кансыроонун себеби – анемия болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, аялдардын кош бойлуу кезинде анемия менен жабыркашы өнүгүп жаткан өлкөлөрдө кеңири таралган. Ал эми организмдеги темирдин жетишсиздигинин таралгандыгы Борбордук Азия боюнча Кыргызстанда байкалган.

«Төрөттөн кийин жатындан кан кеткени – айымдардын өлүмүнүн негизги себептеринин бири. Эгер кан убагында токтотулбаса, аял өзүн жоготуп, анан өлүмгө алып келет. Кош бойлуу кезде дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу менен бул көрүнүштөрдүн алдын алуу мүмкүн».

Боюңузда барбы? Каттоого туруңуз!

Бишкекте иштеген акушер-гинеколог Эркайым Исаева кош бойлуу кезде дарыгерлердин көзөмөлүндө болуунун зарылчылыгын белгилейт: “Эгер кош бойлуу аял маал-маалы менен гинекологдун көзөмөлүндө болуп турса, анын абалын байкап, начарлап бараткан болсо тийиштүү чара көрүү, анемияны дарылоо жана трагедиялык көрүнүштөрдүн алдын алуу мүмкүн”.

«Эгер аял дарыгерге барып, дайыма текшерүүдөн өтүп турса, анда кош бойлуулук жана төрөт учурундагы кошумча ооруларга кабылуунун 85-90% алдын алат. Анемиянын белгиси канчалык эрте аныкталса, төрөт учурунда аман калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот».

Узак жашоо үчүн ундан башта!

Бул учурда кандай кадамга баруу керек? Байытылган унду колдонууменен организмдеги темирдин жетишсиздигинен улам келип чыккан анемия оорусунун алдын алса болот (ундун курамына темир, В витамини жана башка витаминдер кошулган учурда). Унду байытуу үчүн ундун курамына ар кайсы мамлекетте аймактын жашоочуларынын ден соолугуна жараша ар кандай кошулмалар кошулат.

Кыргызстанда 2009-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен унду байытуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү жана Кыргызстанга чет өлкөдөн ун импорт кылган өндүрүүчүлөр унду байытууга тийиш. Жергиликтүү рынокто кырдаал кыйла жакшырды: жергиликтүү ун өндүрүүчүлөр унду байытууга аракет кылышууда. Негизги көйгөйлөрдүн бири Кыргызстан ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан жана Орусиядан импорт кылат жана өндүрүштүн сапатын ар дайым көзөмөлдөй албайт.

Кыргызстан байытылбаган унду чет жактардан алып келүүгө жана колдонууга тыюу салган. Мыйзам бузулган учурда ишкерлерди 50 миң сом өлчөмүндөгү айыппул күтөт (250 миң тенге). Ал эми мыйзам иштеп жатабы?

Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу боюнча жарандык альянстын төрагасы Гульмира Кожобергенова билдиргендей, Кыргызстанда унду байытуу боюнча абал жакшы: мыйзам күчүндө иштеп жатат. Мисалы, байытылбаган унду алып келе жаткан 10 фура казак-кыргыз чек арасынан артка кайтарылган факты бар.

Бирок, чечиле элек бир катар көйгөйлөр бар. “Альянстын мүчөлөрү мониторинг жүргүзүп, байытылбаган ундарды таап жатышат. Сүйлөшө келгенде сатуучулар унду ушундай абалда алып келишерин айтып, байытылган же байытылбаган ун экенин билбей тургандарын белгилешет.

“Санитардык-эпидемиялык көзөмөл кызматында текшерүү жүргүзүүгө укук дайыма боло бербейт. Анткени, текшерүү жүргүзүүдөн мурун көп мекемелердин уруксаты керек. План боюнча текшерүү бир гана жолу жүргүзүлөт. Пландалбаган текшерүүлөр арыздын негизинде гана жүзөгө ашырылат. Биз азыр кызматтын күчүн мобилизациялоону, мекеме кызматкерине эскертүүсүз текшерүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүнү көздөп жатабыз. Жакында тегерек столдун жүрүшүндө кызматтын өкүлдөрү унду текшерүүгө алганда соодагерлер аларга чабуул койгон окуя тууралуу сөз болду. Алардын айтымында, бул жерден алар ун сатуу менен 5 сомдон пайда көрүшөт жана бул пайдадан кол жууп калууну каалашпайт. Текшерүүчү органдар жардам сурап жатышат. Айып пулдар тууралуу импорт кылган тараптарга да маалымат берүү керек”, – деп белгилейт Кожобергенова.

Чындыгында ундун курамына керектүү витаминдердин кошулушу Кыргызстанда темирдин жетишсиздигинен улам пайда болгон анемия оорусунун алдын алуунун эң арзан жана эффективдүү жолу.

Материалды Алтынай Мамбетова жана Анастасия Валеева даярдаган.

Кыргыз тилине которгон: Максат Кудайбердиев

Башкы сүрөт: log.viva.co.id

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген