

Казакстанда чек арадан жашыруун түрдө бал менен кошо наркотикалык зат алып бара жаткан кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Tengri News жазды.
Маалым болгондой, кыргызстандык жарандынунаасы 14-сентябрь күнү “Карасу” чек ара постунан токтотулуп, андан эки чака бал табылган.
“Текшерүү учурунда чакалардын түбүнөн эки полиэтилен баштыгына салынган нерсе табылды. Эксперттин жыйынтыгында анын героин экендиги аныкталды”-,деп маалымдалды.
Билдирүүдө кошумчалангандай, аталган факт боюнча “Жүгүртүүгө тыюу салынган буюмдарды аткезчилик жолу менен ташуу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
- 16.09.2020