Казакстандын үч аймагындагы өзгөчө абал режими токтотулду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн үч аймагындагы — Павлодар, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы өзгөчө абал режимин токтотту.

Мамлекет башчынын шаршемби күнү жарыяланган жарлыгына ылайык, аталган аймактардагы өзгөчө абал режими бүгүн, 13-январь күнү таңкы саат 7де токтоду.

Токаев 4-январда өлкөдөгү жапырт нааразылык акциялар жана башаламандыктардын фонунда алгач Мангистау облусу менен Алматы шаарына, андан соң Казакстандын бардык аймагына 19-январга чейин өзгөчө абал режимин киргизген.

12-январда казак басылмалары талап-тоноого жана кагылышууларга шектелип дагы 1700 киши кармалганын кабарлашты. Муну менен өлкө боюнча кармалгандардын жалпы саны болжол менен 10 миң кишиден ашты.

11-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) укук коргоочулары Казакстандын жетекчилигин “акцияга чыккандарга карата күч колдонууну” токтотууга чакырышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.