Казакстандын ажосу Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайты жазды.

Анда айтылгандай, Токаев добуш берүүнүн жыйынтыгы Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө, социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыздоого жана мамлекетти чыңдоо боюнча программасы жалпы элдин колдоосуна ээ болгонун белгилеген.

“Казакстандын президенти бир тууган Кыргызстан менен ынтымакта, коңшулук ынак мамиледе болуп, стратегиялык өнөктөштүк боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди“, – деп жазылат маалыматта.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январь күнү өттү. БШК берген алдын ала жыйынтыктарга ылайык, президенттик башкаруу формасы жана Садыр Жапаров алдыда келе жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.