Казакстандык мушкер Геннадий Головкин биринчи ирет утулду

Жеңилүү эмне экенин билбеген казакстандык боксчу Геннадий Головкин мексикалык Сауль Альварес менен болгон беттеште  жеңилип калды. Эки мушкер кечээ 16-сентябрда Американын Лас-Вегас шаарындагы T-Mobile бокс аренасында беттешти. Жыйынтыгында 12-раундка уланган кармашта, калыстар жеңишти мексикалык мушкерге ыйгарган. 

Сауль Альварес – Геннадий Головкин

115:113, 114:114, 115:113.

Ошентип, 35 жаштагы казакстандык мушкер орто салмактагы 3 курдан (WBC, WBA, IBO) ажырады. Головкин бул урушунда да ийгиликтүү болгондо, карьерасындагы 40-жеңишине жетип 21-жолу чемпиондук курун коргомок.

Ал эми 28 жаштагы мексикалык боксчу 3 курду алуу менен  72кг салмактагы жер шаарынын эң мыкты боксчусу болуп калды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген