Казакстандык инвесторлор Кыргызстанда биргелешкен соода үйлөрүн курууну ниеттенишүүдө

Казакстандык инвесторлор Кыргызстанда биргелешкен соода үйлөрүн курууну көздөөдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында инвестициялар министринин орун басары Улан Асанов билдирди.

“Казак тарап бул жерде Казакстан менен Кыргызстандын биргелешкен соода үйлөрүн курууну сунуштайт жана көзөмөлдөөнү жүргүзүүнү каалап жатат. Ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сунушташууда», – деди ал.

Ал Казакстандын Алматы облусу Кыргызстандын Чүй облусу жана өлкөнүн түштүгү менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Асанов ушул сыяктуу кызматташуу Кыргызстандын Нарын облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун ортосунда бар экендигин эске салды.

“Нарын облусу толугу менен эркин экономикалык аймак. Наманган облусунан келген инвесторлор өнөр жай тармагында кызматташууга ниеттенишүүдө », – деди Улан Асанов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.