Казакстандан 29 кыргызстандык звакуацияланды

Казакстанда болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялап келүү боюнча иштер уланууда.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, атайын уюштурулган транспортто Кыргызстандын 14 жараны эвакуацияланды, арасында аялдар жана балдар бар.

Андан тышкары, Нур-Султан эл аралык аэропортундагы авиарейстердин токтотулгандыгына байланыштуу темир жол аркылуу 15 КРнын жараны мекенине кайтарылды.

Министрлик Казакстандын аймагында жүргөн мекендештерди өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.