Казакстанда ок-дары кампасында жарылуу болуп, 60тан ашуун киши жаракат алды

Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда аскер бөлүгүнүн кампасында жарылуу болду. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаевдин билдиргенине шилтеме берип informburo.kz жазып чыкты.

Анда маалымдалгандай, жарылуудан жабыркаган 66 адам Тараз шаарындагы ооруканага жана Байзак райондук борбордук ооруканасына жаткырылган. Алардын көбү жеңил жаракат алса, экөө оор жаракат алган.

Жакын жердеги үйлөрдүн жашоочулары эвакуацияланды.

Шпекбаевдин айтымында, кампада негизинен инженердик ок -дарылар сакталат, аларда алыскы аралыкка жарылып учуу касиети жок. Анын айтуусу боюнча, өрттү өчүрү иштери жүрүп жатат. Жарылуунун себептери такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.