Казакстанда мунайкомпания жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты

7-февралда Батыш Казакстан облусунун Аксай шаарындагы KKS-SICIM компаниясынын жүздөгөн жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты. Алар айлык акы менен жумуш шартына ыраазы эмес.

“Биз вахта ыкмасы менен иштейбиз. 28 күн жумуштабыз, 14 күн эс алабыз. Жаңыкалаа районунан Аксайга келип иштейм, ортодогу аралык 400 чакырым. Ботондоочумун жана айлыгым – 160 миң теңге. Маянам үй-бүлөмду багууга жетпейт.” – деди атын атагысы келбеген жумушчулардын бири.

Компаниянын аткаруучу директору Алтын Кулбаева үч саатка созулган нааразылык акциясынан кийин эки тарап бир пикирге келгенин билдирди.

– Нааразылык билдирген жумушчулар айлык жана жумуш шартына байланыштуу буга чейин арызданышкан эмес. Эмне үчүн күтүүсүздөн акцияга чыгышканын билбейм. Чогулгандар 160-250 миң теңге айлык алышат. Ар бир жумушчу менен жеке сүйлөшүп, маяналарын жогорулатууну чечтик. Айлык акы канча пайызга көбөйө турганын айта албайм, коммерциялык сыр, – деди компания өкүлү.

“Азаттыктын” казак кызматы менен маектешкен жумушчу компания маянаны 50 пайызга жогорулатууга убада бергенин айтты.

KKS-SICIM – мунай жана газ тармагында кызмат көрсөткөн компания.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген