Казакстанда коронавирус жуктурганы аныкталган жаран Кыргызстандан барган

Казакстандын Жамбыл облусунда коронавирус илдетин жуктурганы аныкталган адам жакында Кыргызстандан келген. Бул тууралуу Жамбыл облусунун товар жана кызматтардын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин башчысы Берик Жаркынбеков брифинг учурунда билдиргенин “Казинформ” жазды.

“Жамбыл облусунда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды. Ал жаран Кыргызстандан 23-мартта келген жана 24-март күнү карантиндик стационарга жаткырылып, лабораториялык текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен инфекциялык ооруканага дарыланууга жаткырылды. Аталган жаран Шу районунун тургуну, айдоочу болуп эмгектенет”, – деген Берик Жаркынбеков.

Учурда вирус табылган жарандын абалы канааттандырарлык экендиги айтылган.

Коронавируска чалдыккан бардык бейтаптардын абалы айтылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген