“Казакстанда коронавирус катталды” деген маалымат тарады

“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү каттар социалдык тармактарда мессенджерлер аркылуу тарады.

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов мессенджерлер аркылуу тарап жаткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтып, коомго кайрылды.

“Биз коронавирус тууралуу күн сайын жаңыланган маалымат бергенибизге карабай WhatsApp аркылуу Нур-Султанда коронавирустан эки адам каза болду деген маалыматтар тарап кетти. Мындай билдирүү Алматы шаарында Кытай жарандары дарыланып жатат деген расмий маалыматыбыздан кийин чыкты. Бизде Кытай жарандары көп. Биздин максатыбыз, ишибиз вирустан коргоо менен гана чектелбейт, калкка туура маалымат берүү дагы негизги максатыбыз. Расмий билдирүүлөргө гана ишенүүгө чакырабыз”, – деген министр Елжан Биртанов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген