Казакстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 400дөн ашты

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2-апрелге карата дагы 16 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын маалымдады. Нур-Султанда – 7, Караганды облусунда – 6, Атырау облусунда –2, Түндүк Казакстан облусунда бир учур катталган.

Бардыгы болуп 2-апрель түшкө чейин коронавирус жуктургандардын саны 402ге жетти, 26 киши айыкты, үчөө көз жумду.

Бул арада Алматы аэропортуна Кытайдан гуманитардык жардамдын биринчи партиясы келди. Бээжин Нур-Султанга тепловизор, тесттерди, бир жолу колдонулуучу бахилаларды, кол каптарды, коргоочу көз айнектерди жана медициналык кийимдерди берди.

Өзбекстанда 65 жаштан ашкан адамдардын көчөгө чыгуусуна тыюу салынды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген