Казакстан: Кыргызстандан барган эки адамдан коронавирус аныкталды

Казакстандын Жамбыл районунда Кыргызстандан барган эки адамдан коронавирус аныкталгандыгын 24.kg сайты жазды.

Маалыматка караганда, Кордай районунун 23 жаштагы тургуну Кыргызстандан Казакстанга 24-мартта барып, текшерүүдөн өткөн. Жыйынтыгында кыздан вирустун белгилери байкалып, дарыгерлердин көзөмөлүнө тапшырылган. Учурда абалы канааттандырарлык экендиги айтылат.

“Буга чейин дагы Кыргыз өлкөсүнөн Кордай районуна 24-март күнү үй-бүлөсү менен барган 45 жаштагы жарандан вирус табылган эле”,-деп жазылат маалыматта.

Учурда Казакстанда коронавирустун 112 учуру катталганы белгилүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген