Катар өлкөсү Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Бүгүн, 3-июлда “Манас” эл аралык аба майданына Катар өлкөсүнөн жөнөтүлгөн гуманитардык жардам түшүрүлдү.


Жакынкы чыгыштагы мамлекет КРнын Саламаттык сактоо министрлигине 420 даана кычкылтек концентраторун кайтарымсыз жардам катары берди. Аманаттын жалпы наркы 250 000 долларды түзөт.

Катар өлкөсүнөн келген медициналык жабдууларды өлкөнүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев башында турган делегация кабыл алды.

“Бизге берилген медициналык жабдуулар миңдеген кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Анткени кычкылтек – коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга керектүү химиялык элемент. Биз гуманитардык жардам көрсөткөн Катар мамлекетине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, деди министрликтин өкүлү.

Жангазиев жардамга келген жабдуулар кычкылтек концентраторлору керек болуп жаткан медициналык мекемелерге таратылаарын кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген