“Касташуу тили жана бөлүп-жаруу көрүнүштөрү” изилдөөсүнүн презентациясы өттү

Бүгүн, 2-сентябрда Ош шаарында “Полис Азия” аналитикалык борбору жана “Эсимде” талкуулоо аянтчасы OSI колдоосу менен “Касташуу тили жана бөлүп-жаруу көрүнүштөрү” аттуу изилдөөнүн презентациясын өткөрдү.

Уюштуруучулар изилдөө атайын шайлоонун астында жарандарга тилдин, чакырыктардын көп маанилүүлүгү жана жыйынтыктарын эскертүү үчүн жасалды.

“Биз бул изилдөө Кыргызстандагы бардык жарандарга жана чет өлкөдөгүлөргө да алдын алуу же чакырык болушун каалайбыз. Касташуу тили – бул биз дароо байкап же сезе албай калуучу феномен. Анткени аны авторитеттер: лидерлер, саясатчылар, окумуштуулар, ЖМК, социалдык тармактар, жада калса мыйзам нормалары чыгарат жана элге жайылтат”.

“Бул эффект улам-улам кайталанып отуруп, аң -сезимге сиңет. Бул изилдөө парламенттик шайлоого чейин башталган. Биз тилдердин, чакырыктардын көп маанилүүлүгүн, алардын ар дайым эле оптимисттүү эмес жыйынтыктары тууралуу эскертүү үчүн, атайын убадалардын, көңүл буруу үчун уюшулган күрөштүн, жана саясий жарнамалардын ызы-чуулуу мезгилине ыктадык”,-дейт уюштуруучулар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.